Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Футбол: "Абдыш-Ата" клубу cупер кубокту утту


Кыргызстандын футбол боюнча 2016-жылдагы cупер кубогун Канттын "Абдыш-Ата" клубу утту. Башкы олжо үчүн беттеште канттык клуб Оштун "Алай" клубун 1:0 эсебинде жеңген. Оюндагы жалгыз гол Элдар Молдожунусовго таандык. Беттеш 5-мартта Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өттү. Суперкубок үчүн беттештер 2011-жылдан баштап ойнотула баштаган. Бул жылы Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" клубу жеңүүчү болгон. Андан кийин үч жыл катары менен бул кубок Бишкектин "Дордой" клубуна таандык болгон. Супер кубок үчүн топ-лиганын чемпиону жана Кыргызстандын кубогун уткан клуб ойнойт. Былтыр "Алай" клубу топ-лиганын чемпиону болсо, "Абдыш-Ата" Кыргызстандын кубогун уткан.(ECh)

XS
SM
MD
LG