Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Жалал-Абадда жер титиреди


5-мартта саат 21:35 чамасында кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде жер силкинди. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллды түздү.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында болгон. Чек арага жакын жайгашкан Арал, Жар-Кыштак, Дардак айылдарында 3,5 балл, Сузак районунун Жийде, Жаңы-Жер, Бек-Абад айылдарында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 2,5 балл сезилген. Алдын ала маалымат боюнча силкинүүдөн кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

5-мартта саат 4:04 чамасында Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында да күчү 3,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG