Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

6-марттан 9-мартка чейин күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолордогу унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

7-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25 ысыйт. Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24 ысык болот. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус ысык болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13 градус жылыйт.

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13 градус жылуу болот. Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20 суук, күндүз 0…5 градуска чейин жылыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…+2 градуска чейин жылыйт.

7-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 6…8° жылуу, күндүзгү температурасы 22…24° ысык болушу күтүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG