Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Иракта бомба жардыруудан ондогон адамдар набыт болду


Ирактын борбору Багдадка жакын жерде 6-мартта террактан каза болгондордун саны 47 кишиге жеткенин өлкөнүн бийлиги кабарлады. Полициянын маалыматы боюнча, жардыруу Багдаддын түштүгүндөгү Хилла шаарында өткөрмө бекеттердин биринде жасалды. Ислам мамлекети аталган террордук уюм ага жоопкерчиликти алды. Ассошейтед пресс маалымат агенттиги каза болгондордун 39 жайкын жарандар, калагандары аскерийлер экенин кабарлады. Жардыруудан 60тан көп киши жарадар болуп, 50 автоунаа зыянга учурады. Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча өткөн айдын ичинде эле терракт жана башка чабуулдардан өлүмгө учуруган адамдардын саны 670 кишиге жетти. (AiT)

XS
SM
MD
LG