Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Грузияда антиорусиялык акция өттү


6-марттагы Тбилисидеги нааразылык акциясы.
6-марттагы Тбилисидеги нааразылык акциясы.

6-мартта Тбилиси шаарында миңдеген грузин жарандары чогулуп, өкмөттүн Орусиянын Газпром компаниясы менен сүйлөшүүсүнө каршылык билдирди. Демонстранттар өкмөт имаратынан орус элчилигине чейин жети чакырымдык аралыкка тизилип турушту.

Грузиянын мурунку президенти Михаил Саакашвилини жактаган батышчыл Бирдиктүү улуттук кыймыл партиясы уюштурган акциянын катышуучулары Газпромдон газ сатып алуу батыш менен тыгыз байланышка зыян кылат деп өкмөттү айыптоодо.

Грузин өкмөтү өз кезегинде баштапкы пландан баш тартып, Грузиянын газга талабын канаттандыруу үчүн Азербайжандан көбүрөөк газ сатып алуу келишимине жетишилгенин 5-мартта кабарлаган. Грузин оппозициясы өкмөт мындай чечимге оппозициянын басымы менен барды деп эсептейт. (AiT)

XS
SM
MD
LG