Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Орусиянын Пермь шаарында жашынып жүргөн кыргызстандык жаран кармалды


Пермь шаарынын Дзержинский райондук соту бир нече оор кылмыш жасап, эл аралык издөөдө жүргөн кыргыз жаранын камоо чечимин чыгарды. Орусиялык басылмалар маалымдагандай, кыргызстандык жаран Пермдин темир жол бекетинде 8-февралда кармалган.

Ал өткөн жылдын октябрь айында Жалал-Абадда бир адамды бычактап өлтүрүп, экинчисинин денесине оор жарат келтирген. Кылмыш жоопкерчилигинен кутулуунун натыйжасында ал Орусиянын аймагына качып кеткени аныкталган.

Азыркы учурда кармалган жаранды Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилип жатканы айтылат. Кармалган жаран жасаган кылмыштары Кыргызстандын аймагында болгондуктан Орусиянын күч түзүмдөрү кыргызстандыкты өлкөсүнө өткөрүп берүүнү чечишти. (SDz)

XS
SM
MD
LG