Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

Кыргызстанда өтө турган Көчмөндөр оюндарынын так күнү аныкталды. Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү дирекциясынын жетекчиси Алмаз Касенов “Азаттыкка” билдиргендей, оюндар 3 - 8-сентябрь аралыгында өтмөкчү. Бул мөөнөт Стамбулда өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн спорт агенттигинин жетекчилери менен жолугушууда кабыл алынды.

- 2-сентябрда Кыргызстанга спортчулар келе баштайт, 3-сентябрда болсо Көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы болот. Иш-чаранын жабылышы 8-сентябрга белгиленип, тогузунан тарта спортчулар мекенине кайта баштайт.

Кыргызстанда алгачкы Көчмөндөр оюндары 2014-жылы сентябрь айында өткөн. Быйылкы оюндарга 40 өлкөдөн спортчулар келип, спорттун 25 түрү боюнча ат салышат. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG