Линктер

шейшемби, 21-февраль, 2017 Бишкек убактысы 20:30

24-мартта “Эл үнү” саясий кыймылы Ош шаарында республикалык курултай өткөрөт. Бул тууралуу кыймылдын жетекчиси Азимбек Бекназаров өзү "Азаттыкка" тастыктады.

Курултайда эки негизги маселе көтөрүлөт. Биринчиси, өлкөдөгү саясий жана социалдык маселелер талкууланса, экинчи пункт менен курултай катышуучулары азыркы бийликтин мындан аркы ишмердүүлүгүнө баа беришмекчи.

-Курултайга жалпысынан 30дан ашык саясый партиялар жана коомдук уюмдар катышуусу күтүлүүдө. Негизги курултайды өткөрүү демилгеси ошол жактан чыккан. Биз бир аянтка бардык оппозициялык күчтөрдү чогулталы деп чечтик.

Бекназаров иш-чарага бардык облустан өкүлдөр чакырылып жатканын кошумчалап, мындан сырткары курултайда 2005-жылдагы март революциясы эскерилерин билдирди. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG