Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Укук коргоочу Токтонасыров украиналык учкуч Савченкого тилектештигин билдирди


 Украиналык учкуч Надежда Савченко.

Украиналык учкуч Надежда Савченко.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Орусия элчилигинин алдына пикетке чыгып, учкуч Надежда Савченкону бошотуу талабын билдирди. Токтонасыров “Азаттыкка” кабарлагандай, Орусиянын тергөө абагында жаткан Савченко ачкачылыкты токтотушу зарыл. Ошол эле учурда орус бийлиги учкучту эркиндикке коё бериши керек, – деп эсептейт.

Андан соң Токтонасыров Бишкектеги украин элчилигинин алдына барып, учкучка тилектештигин билдирген катты тапшырарын айтты.

Украиналык учкуч 2014-жылы июль айында кармалган. Ал Чыгыш Украинадагы согушту чагылдырып жаткан орусиялык эки журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда.

Сот 3-марттан 9-мартка чейин тыныгуу жарыялаганда Савченко суу да ичпеген кургак ачкачылык баштаган. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG