Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү жана “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Бектур Асановдун “Азаттыкка” билдиришинче, 14-март күнү Жалал-Абад шаарында нааразылык акциясын өткөрүү пландалууда.
- Буга чейин Нарында, Аксыда болгон митингдин талаптарын колдоо менен бул ирет биз саясий маселелерди да көтөрөбүз. Ушул сыяктуу эле митинг 14-мартта Нарын, Талас, Аксы аймактарында өткөрүү пландалууда. Улуттук оппозициялык кыймыл тийиштүү тараптарга митинг өткөрүү боюнча билдирүүлөрдү жөнөткөнү жатат, - деди Асанов.
Буга чейин "Эл үнү" кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаров 24-мартта Ош шаарында оппозициянын башын бириктирген республикалык курултай өтүүсү күтүлүп жатканын билдирген. (RsK)