Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:50

АКШ менен Түштүк Корея биргелешкен аскерий машыгуу баштады


Машыгууга катышуучу АКШ-Түштүк Корея аскерлери. 7-март, 2016-жыл.

Машыгууга катышуучу АКШ-Түштүк Корея аскерлери. 7-март, 2016-жыл.

Ири масштабдагы аскерий машыгууга Түштүк Кореядан 300 миңден ашуун, ал эми АКШнын15 миңдей жоокери катышууда.

Жыл сайын бир ирет өтүүчү бул машыгуу апрелдин аягына чейин созулат жана Сеулдагы расмий өкүлдөрдүн айтымында, буга чейинкилердин эң ириси болот.

Азыркы машыгуу ошондой эле коңшу Түндүк Корея январда өзөктүк сыноо өткөрүп,ал эми өткөн айда ракета аткандан кийинки учурга туш келүүдө.

Пхеньяндын бул кадамдарынан улам БУУнун Коопсуздук кеңеши өткөн аптада ага каршы санкцияларын кеңейтүүгө барган эле.

АКШ менен Түштүк Кореянын азыркы машыгууларын утурлай Түндүк Корея аларга “өзөктүк сокку” ура аларын айтып коркутту.

Сеул болсо Пхеньянга кандай “алаңгазар аракети болбосун ал өзүнө гана кыйроо алып келерин” эскертти.

Согушчан риторика Түндүк Кореяга мүнөздүү эле нерсе. Аскерий эксперттер анда узак аралыкка учуучу ракеталарга орноткудай өзөктүк дүрмөт бардыгынан күмөн санашат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG