Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

Пакистанда жанкечтинин жардыруусунан он кишинин өмүрү кыйылды


Жардыруудан жаракат алгандар Пешевардын ооруканасына ташылууда. 7-март, 2016-жыл.
Жардыруудан жаракат алгандар Пешевардын ооруканасына ташылууда. 7-март, 2016-жыл.

Жардыруу өлкөнүн түндүк-батышында, борбор Исламабаддан 150 чакырым алыстыктагы Шабкадар районунда, сот имаратында жасалды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун пакистан кызматы – “Машаал “ радиосу кабарлагандай, жанкечти боюндагы бомбаны полиция аны сот имаратынын босогосунан токтоткон кезде дүрмөткө келтирген.

Андан өлгөн он адамдын экөө полицейлер, дагы ондогон киши жаракат алды.

Жардыруу үчүн дароо эле Пакистандагы талибдерге байланышы бар, өзүн "Жамаат-ул-Ахрар" деп атаган уюм жоопкерчилик алды жана муну өткөн аптада өлүм жазасына тартылган Мумтаз Кадри үчүн өч алуу деп түшүндүрдү.

Кадри 2011-жылы Пенжаб провинциясынын губернатору, исламга акарат келтирди дегендер үчүн мыйзамда каралган катаал чараларды өзгөртүүгө чакырган Салман Тасирди өлтүргөнү үчүн күнөлүү деп табылган.(UE)

XS
SM
MD
LG