Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:13

Орусия Сириядагы базаларын гуманитардык жардам таратуу үчүн берүүгө даяр


Дамасктын четиндеги Жобар району. 3-март, 2016-жыл.

Дамасктын четиндеги Жобар району. 3-март, 2016-жыл.

Бул тууралуу бүгүн Орусиянын коргоо министрлиги жарыялады.

Министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенковдун айтымында, гуманитардык жардамды алардын Тартустагы деңиз базасына жеткириле алат.

Ал эми учак менен алынып келинген жүктү Латакиядагы аба базага түшүрүүгө болот.

Орусиялык тарап ошондой эле гуманитардык жүктү базалардан андан ары ташуу үчүн унаа жагын да камсыздай аларын билдирүүдө.

Москванын эсебинде, Сирияда ок атышууну токтотуу шарттары айрым бир чагымдарга жана атышууларга карабай негизинен сакталып жатат.

АКШ менен Орусия макулдашкан планга ылайык, Сирияда каршылашкан тараптардан ок атышууну 27-февралдан түн ортосунан тарта токтотуу талап кылынган.

Бирок жетишилген шарт боюнча, “Ислам мамлекети” тобу жана башка террордук уюмдарга каршы операциялар улантыла берет. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG