Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Евробиримдик Түркия менен чукул саммитин узартты


Евробиримдик Түркия саммитинин катышуучулары. Брюссель, 7-март, 2016-жыл.

Евробиримдик Түркия саммитинин катышуучулары. Брюссель, 7-март, 2016-жыл.

Брюсселдеги бүгүнкү чукул саммитте Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кабылган эң ири качкындар кризисин жөнгөрүү аргасы кайрадан талкууланып жатат.

Түркиянын премьери Ахмед Давутоглы жыйында жаңы сунуш киргизгенден кийин саммит узартылды.

Давутоглынын басма сөз катчысынын айтымында, Анкара "проблеманы чечүүнүн жолун ачууга" аракеттенүүдө.

Анкаранын өкүлү жаңы сунуштун чоо-жайын айтуудан баш тартып, бирок Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүгү көтөрүлгөнүн белгиледи.

Евробиримдиктин 28 өлкөсүнүн лидерлери саммитте качкын макамы берилбей турган миңдеген мигрантты Түркиядан кайра артка алууну суранары күтүлгөн.

Брюссель Анкара менен мигранттар агымын токтотуу боюнча макулдашууга былтыр ноябрда жетишкен болчу.

Мигранттар менен качкындардын турмуш-тиричилигин Түркияда камсыздоо үчүн Евробиримдик 3,3 миллиард доллар ажыратмак.

Брюсселдин эсебинде Түркия бул макулдашууну аткаруу жагынан айрым бир жылыштарды жасады, бирок азыр да мигранттардын Түркиядан Грецияны көздөй агымы токтогон жок.

Грецияга Түркия тараптан күнүнө 2000ден ашуун мигрант келип түшүүдө.

Македония жана Евробиримдиктин Батыш Балкан жолундагы өлкөлөрү чек араларын иш жүзүндө жаап салгандыктан азыр Грецияда быйыл келгендерден 30 миңден ашуун мигрант камалып турат.

Быйылкы жылдын эки айынын жыйынтынгында Евробиримдиктин чегине 134 миңден ашуун качкын жана мигрант кирген. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG