Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Сайнабүбү Жунушалиева менен коштошуу зыйнаты өтүүдө


Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, маркум Сайнабүбү Жунушалиеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп жатат.

Жунушалиева 7-мартта 80 жаш курагында дүйнө салды. Ал театрдагы ишмердүүлүгүндө бир катар чыгармаларда башкы каармандын ролун ойногон. Эмгек сиңирген артист “Тар капчыгайда” Маржакенин, “Абийир кечирбейтте” Шайыргүлдүн, “Биринчи мугалимде” Алтынайдын, “Олжобай менен Кишимжанда” Гүлмейиздин образдары менен эсте калган.

Сайнабүбү Жунушалиева 1936-жылы, 6-июнда Кемин районунун Жон-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG