Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Мария Шарапова допинг-тестти өтпөй койгонун айтты


Мария Шарапова
Мария Шарапова

Маалымат жыйында орусиялык теннисчи Шарапова күнөөсүн мойнуна алып, чоң ката кетиргенине өкүндү. Ал Австралия-2016 ачык чемпионатта допинг-текшерүүдөн өтпөй койгон. Кечээ Лос-Анжелесте маалымат жыйын курган Мария Шарапова акыркы 10 жылдан бери ден соолугуна байланыштуу тыюу салынган мельдоний дарысын колдонуп жүргөнүн билдирди.

- Мен толугу менен жоопкерчиликти өз мойнума алам. Өзүмдүн теннисчи катары жолумду ушундай иш менен бүтүргүм келбейт, андыктан спортту улантууга магы дагы бир мүмкүнчүлүк берилерине үмүтүм өчө элек.

Көптөгөн сыйлыктын ээси, 28 жаштагы теннисчиге азырынча кандайдыр бир айып коюла элек.

Буга чейин тыюу салынган мельдоний дарысын колдонуп жүргөнү үчүн орусиялык муз үстүндө бийчи Екатерина Боброва жана анын түгөйү Дмитрий Соловьев АКШдагы дүйнөлүк чемпионаттан четтетилгени маалым болгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG