Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Бишкекте эки наристе ууланып реанимацияга жаткырылды


Бишкек шаардык тез жардам кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, 7-мартта бир жарым жаштагы эки наристе химиялык затты ичип алып ууланган. Окуя болгон жерге келген тез жардам кызматкерлери өспүрүм кыздарды 3-балдар ооруканасына алып келген.

Тез жардам кызматынын өкүлү Айнагүл Алымкулова балдар дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө экенин кошумчалап, тез жардам кызматкерлери өз маалында тийиштүү жардамды көрсөтпөгөндө окуянын аягы кайгылуу болмоктугун айтты.

Тез жардам кызматкерлери ууланган кыздарды 3-балдар ооруканасына алып келген соң дарыгерлер өспүрүмдөрдү реанимация бөлүмүнө жаткырган. (SDz)

XS
SM
MD
LG