Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

Байден Савченкону бошотууга чакырды


Надежда Савченкого боштондук берүү талабы менен украиналык активисттер жасаган чакырыктардын бири.

Надежда Савченкого боштондук берүү талабы менен украиналык активисттер жасаган чакырыктардын бири.

АКШ вице-президенти Жо Байден Орусия бийлигине кайрылып, абакта жаткан украиналык учкуч Надежда Савченкого тагылган айыпты алып салууга жана аны тез арада бошотууга чакырды. Бул маселеде туура тандоо жүргүзүү керектигин белгилеген Байден эл аралык аялдар күнү белгиленип жаткан кезде, адилетсиздик үчүн күрөшкөн тайманбас айымдардын урматы үчүн “Биз Надежданы колдойбуз жана Украина эли мененбиз” деди.

- Надежда түрмөгө мыйзамсыз камалды. Сотто ага коюлуп жаткан айыптоолор да чындыкка дал келбейт. Надежда украин куралдуу күчтөрүнүн өкүлү катары мекенин коргоо үчүн бел байлаган жана өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдер тарабынан уурдалган, - деп айтылат Байдендин билдирүүсүндө.

Ал Савченкону Украина элинин намысы жана күчү деп сыпаттады жана мекенине кайтып, Жогорку Рададагы депутаттык ордун ээлеши зарылдыгын белгиледи.

Учкуч Надежда Савченко 2014-жылы Украинанын чыгышында жикчилдерге каршы күрөшүп жүргөн мезгилде кармалып, Орусияга өткөрүлгөн. Ал эки орус журналистинин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда. Прокуратура Савченкону 23 жылга эркинен ажыратууну сураган. Сот өкүмү ушул жумада чыгары күтүлүүдө. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG