Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

Түштүк Корея Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды киргизди


Сеул Пхеньяндын куралдарга байланыштуу программасына каршы киргизген жаңы санкциялар 8-марттан тарта күчүнө кирди. Бул ирет кара тизмеге 40 адам жана 30 объект илинген.

2-мартта БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньяндын сыноодон өткөрүү үчүн ядролук ракетаны учурганы адам укуктарын бузат деген негизде санкцияларды күчөткөн эле.

Бир ай мурун Түндүк Корея космоско жандоочу учурган. Муну ядролук сыноо деп сындаган АКШ менен Евробиримдик да Пхеньянга санкцияларды киргизген.

Түндүк Корея өзүн 2005-жылы өзөктүк курал боюнча держава деп жарыялаган. 2006, 2009 жана 2013-жылдары жер астында ядролук сыноо өткөрүп, эл аралык коомчулуктун нааразылыгын жараткан.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG