Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Киевде Савченкону бошотуу талабы менен ири акция өтүп жатат


 “Севченкого эркиндик” деген ураан менен уюштурулган митингге алгач 500дөй адам чогулуп, түштөн кийин дагы жүздөгөн кишилер кошулганы кабарланууда.
“Севченкого эркиндик” деген ураан менен уюштурулган митингге алгач 500дөй адам чогулуп, түштөн кийин дагы жүздөгөн кишилер кошулганы кабарланууда.

Бүгүн Украина баш калаасында жүздөгөн киши учкуч Надежда Савченкону бошотууну орус бийлигинен талап кылган нааразылык акциясын өткөрүүдө. Ага Жогорку Рада депутаттары да катышып жатат. “Севченкого эркиндик” деген ураан менен уюштурулган митингге алгач 500дөй адам чогулуп, түштөн кийин дагы жүздөгөн кишилер кошулганы кабарланууда. Алар Савченкону эркиндикке чыгаруу талабы менен президент Владимир Путинге жазылган кайрылууну орус элчилигине тапшырууну көздөп жатышат. Кайрылууга акцияга чыккандардын дээрлик баары кол коёру айтылган.

Андан мурдараак 200дөн ашуун саясатчы жана белгилүү кишилер учкучту бошотууну талап кылуу боюнча “чукул чараларды” көрүү чакырыгы менен Европа лидерлерине ачык кат жолдогон.

Учкуч Надежда Савченко 2014-жылы Украинанын чыгышында жикчилдерге каршы күрөшүп жүргөн мезгилде кармалып, Орусияга өткөрүлгөн. Ал эки орус журналистинин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда. Прокуратура Савченкону 23 жылга эркинен ажыратууну сураган. Сот өкүмү 9-мартта чыгары күтүлүүдө.

Савченко өкүм чыгаруу создугуп жатканына байланыштуу 4–мартта кургак ачкачылык жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG