Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Москва: Савченкону колдоп чыккан 35 кишини полиция кармап кетти


Москвадагы аялдамадагы Савченконун сүрөтү тартылган баннер. 8-март, 2016
Москвадагы аялдамадагы Савченконун сүрөтү тартылган баннер. 8-март, 2016

Москванын “Маяковская” метростанциясынын жанында бүгүн украиналык учкуч Надежда Савченкого эркиндик берүү талабы менен митингге чыккан 35 кишини полиция кармап кетти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун орус кызматы жергиликтүү булактарга таянып билдирди.

7-март күнү кечинде ФСБнын имаратынын алдында Савченконун беш тарапкери кармалган эле.

Украиналык учкуч айым эки орус журналисттин өлүмүнө катышы бар деп шектелип, 2014-жылдан бери камакта жатат. Ал муну чагым деп, орус-украин чек арасына жакын жерде москвачыл жикчилдердин туткунуна түшкөнүн, алар Орусияга өткөрүп бергенин белгилеп келүүдө.

9-мартта Савченкого сот өкүмү чыгары күтүлүүдө. Мамлекеттик айыптоочулар аны 23 жылга камап, 100 миң рубль айыппул салууну сураган.

Бүгүн Киевде да жүздөгөн кишилер “Надеждага эркиндик” деген ураан астында митингге чогулду. АКШ вице-президенти Жо Байден Савченко негизсиз камакта отурганын билдирип, орус бийлигине кайрылган. Андан мурдараак украиналык 200дөй саясатчы жана белгилүү кишилер бул жаатта Кремлге басым көрсөтүү өтүнүчүн Европа лидерлерине жолдошкон. (SE)

XS
SM
MD
LG