Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Пакистанда өлтүрүлгөн губернатордун уулу беш жылдан кийин бошотулду


Шахбаз Тасиир.
Шахбаз Тасиир.

Пакистандын коопсуздук күчтөрү жардамчысы тарабынан атып өлтүрүлгөн губернатордун мындан беш жыл мурун жоочулар тарабынан Лахор провинциясында уурдалган уулу 8-мартта бошотулганын кабарлады.

Губернатордун маалымат катчысы Аварул Хак Кахар өлкөнүн атайын кызматтары бошотуу операциясын Беллужистан провинциясындагы Кучлак жергесинде жүргүзгөнүн билдирди. Шахбаз Тасиир атасы Салман Тасиир өлтүрүлгөндөн сегиз айдан кийин 2011-жылы уурдалып кеткен.

Салман Тасиир диний мыйзамдарды, талаптарды жумшартууга аракеттенген үчүн өмүрүнө кол салынган. Аны өлтүрүүгө барган Мумтаз Кадри Пакистан абагында дарга асылган. Бул динчилдердин нааразылыгын пайда кылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG