Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

 «Алтынкенге» жаңы жетекчи дайындалды


Талды-Булак Сол жээк алтын кени.

Талды-Булак Сол жээк алтын кени.

“Кыргызалтын” Талды-БулакСол жээк кенине жаңы жетекчи дайындаганын “Азаттыкка” акционердик коомдук маалымат катчысы Толкун Камчыбекова билдирди. “Алтынкендин” жаңы жетекчиси Фен Ли 3-марттан баштап кызматына киришти.

“Алтынкенде” буга чейин жумушчулар нааразылык акциясына чыгышып, жетекчини алмаштыруу, маянаны көтөрүү талабын коюшкан. 19-февралда кызматкерлер жумушту таштап, эки күнгө алтын кенде иш токтоп калган.

Талды-Булак Сол жээк кени 2015-жылы июль айында ишке кирген. Кенди иштетүү үчүн биргелешкен кыргыз-кытай “Алтынкен” ЖЧКсы лицензция алган. Ишкананын 60 пайызы Кытайдын “Цзыцзинь”, 40 пайызы “Кыргызалтын” ААКсына таандык. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG