Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен жылкылар кайтарылды


7-мартта Ош облусунун Бел-Кыштак айылынын тургуну 10 жылкысы Өзбекстандын аймагына өтүп кеткенин айтып кыргыз чек арачыларына кайрылган. Окуя болгондон соң “Ак-Буура” чек ара бекетинин кызматкерлери өзбек кесиптештери менен байланышып, тез арада тийиштүү чараларды көрүшкөн.

Натыйжада кошуна аймакка өтүп кеткен үйүр жылкы кыргыз тарапка өткөрүлүп берилгенин “Азаттыкка” чек ара кызматынан тастыкташты.

Жыл башында Жалал-Абад облусундa белгисиз бирөөлөр кыргызстандык койчунун 332 коюн Өзбекстанга айдап кирип кетишкен. Өзбекстандын чек арачылары менен сүйлөшүүнүн натыйжасында, мал уурдоого шектелип үч киши кармалып, уурдалган малдын теңинен көбү ээсине кайтарылып берилген. (SDz)

XS
SM
MD
LG