Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

Шаардык милиция 23 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочуну издеп, өз ыктыяры менен тартип сакчыларга келүүсүн талап кылууда. 8-мартта кечки саат төрттөр чамасында белгисиз айдоочу Шабдан Баатыр көчөсүндө жөө жүргүнчүнү сүзүп, из жашырып кеткен. Натыйжада башынан оор жаракат алган адам №4 шаардык клиникалык ооруканаcына жаткырылган.

Милиция айдоочуну же унааны байкагандарды, көргөндөрдү маалымат менен бөлүшүүгө чакырууда.

Бишкек шаардык тез жардам кызматынан билдиришкендей, акыркы бир сутка ичинде жөө жүргүнчүнү сүзгөн төрт учур катталды. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG