Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

Өзгөндө 18 жаштагы кызды өлтүргөндөр кармалды


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдиргендей, милицияга 7-мартта билдирүү түшүп, Дөң-Булак айылында 18-20 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Иликтөөнүн натыйжасында ал 1998-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну экендиги аныкталган.

Ыкчам тергөө аркылуу кылмыштын изи сууй электе 1992- жана 1994-жылы туулган эки адам кармалып, алар үйдүн ичине терезе аркылуу кирип, кылмыш жасагандыгы аныкталган.

Өздүк булактар маалымдагандай, набыт болгон кыздын буга чейин кылмышка шектүүлөрдүн биринин аялы башкалар менен жыныстык катнашта жүргөнүнө карабай турмушка чыкты, деген сөздөрдү таратышы себеп болушу ыктымал.

ИИМдин кабарлоосуна караганда, учурда кармалгандарга адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу тергөө жайына камакка алынды. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG