Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Пакистанга кеткен ата балдарын энесине бербей жатат


Пакистандын жараны балдарын мурдагы аялына берүүдөн баш тартууда. Акыйкатчы кеңсесинен кабарлашкандай, аял Кыргызстандын жараны экени такталды. Ал Кыргызстан акыйкатчысына көмөк сурап кайрылган. Маалым болгондой, Айылчиева аттуу айым пакистандык күйөөсү менен ажырашканда, балдарды атасы өз өлкөсүнө чыгарып кетип, кайра берүүдөн баш тарткан.

Эненин Пакистандын Кыргызстандагы элчилигине барып, байланышка чыгуу аракети ийгиликсиз аяктаган.

- Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги көмөк көрсөтүүдөн баш тартууда,– дейт Айылчиева.

Акыйкатчы институту Тышкы иштер министрлигине кат жөнөткөн. Бирок маселе азыркыга чейин ачык бойдон калууда. Акыйкатчы Кубат Оторбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге маселени чечүүгө жардамдашууну өтүндү. (SDz)

XS
SM
MD
LG