Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Талиптер ооган полициясынын кеңсесине кол салышты


Ооганстанда талиптердин кол салуулары тез-тез болуп турат
Ооганстанда талиптердин кол салуулары тез-тез болуп турат

"Талибан" согушкерлери Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд чөлкөмүндө полициянын жана чалгындоо кызматынын кеңселерине чабуул коюшту. Губернатордун маалымат катчысы эки офицер окко учканын, кеминде төртөө жарадар болгонуну билдирди. Кол салган төрт кишинин үчөө жок кылынды. Полиция чалгындоо кызматынын имаратына кирүүгө аракеттенген согушкерлердин жолун тороого үлгүргөн. Гилмендде коопсуздук күчтөрү бир нече айдан бери талиптерге каршы күрөшүп келатат.

Чөлкөм апийим өндүрүү боюнча өлкөдө биринчи орундарда турат. Маңзат аткезчилик жолдорун көзмөөлдөө үчүн атаандаш согушкер топтордун ортосунда да кармаш жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG