Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Австралия ирандык мигранттарды мекенине кайтарат


Австралия менен Иран ирандык 9 миңдей мигрантты мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүдө. Тегеран көптөн бери журтташтарын артка кабыл алууга көнбөй келген. Австралиянын тышкы иштер министри Жюли Бишоп жана ирандык кесиптеши Жавад Зариф 15-мартта Канберрада репатриация боюнча келишимге кол коюшат деп күтүлүүдө. Австралия ирандыктар өлкөсүнө кайткандан кийин жазаланбайт же куугунтукталбайт деген кепилдиктерди талап кылууда.

Азырынча баш паанек сураган ошол 9 миң кишинин канчасы мекенине кайта албаган качкын экени белгисиз. Бирок Австралия алардын көбү жакшыраак жумуш издеген экономикалык мигранттар деп, өз жеринде жайгаштырууга каршы болуп келатат.

Жаңы келишим Тегерандын атомдук программа боюнча мунасага жетишилгенден кийин Батыш менен мамилелерин жакшыртуу ниетин чагылдырат.

XS
SM
MD
LG