Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Бабанов Карамушкинаны соттон утуп алды


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун пайдасына Социал-демократтар партиясынын мурдагы депутаты Ирина Карамушкина 250 миң сом төлөп бермей болду.

Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун бул чечими чыккандан бери Ирина Карамушкина эч кандай доо арыз менен шаардык сотко кайрылган жок.

2015-жылдын 17-июнунда Жогорку Кеңеште Карамушкина Адина Турдубаева аттуу жарандын курулуш бизнесин Өмүрбек Бабанов тартып алганын билдирген эле. Бирок сот жараянында бул маалымат тастыкталган эмес. Карамушкина буга чейин айрым маалымдоо каражаттарында жарыялаган сөздөрүн төгүндөөгө милдеттендирилип, андан тышкары Бабановдун абийирине доо келтиргени үчүн кошумча 250 миң сом төлөп бермей болду.

Өмүрбек Бабанов сот жараяны учурунда моралдык чыгашасы үчүн Ирина Карамушкинадан 5 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG