Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Евробиримдик орусиялык аткаминерлерге каршы санкцияларды узартты


Евробиримдиктин элчилери Крымдын Москва тарабынан аннексияланышынан пайда көргөн жана Украинанын аймактык бүтүндүгүнө каршы аракеттенген орусиялык 146 кишиге жана 37 мекеме-компанияга каршы санкцияларды дагы 6 айга узартты.

Банк эсептери убактылуу жабылган жана виза берүү чектелген адамдардын тизмесине вице-премьер-министр Дмитрий Рогозин, президент Владимир Путиндин кеңешчиси Сергей Глазьев жана Кремлдин башкы пропагандачысы деген атка конгон журналист Дмитрий Киселев камтылган.

Жазалоочу чаралар Крымдагы бир катар компанияларга, Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин кошуундарына жайылат. Көз жумган үч киши, анын ичинде аскердик чалгындоо кызматынын - ГРУнун мурдагы башчысы "кара тизмеден" алынды. Чечим апта соңунда күчкө кирмекчи.

2-мартта АКШ ушундай эле чаралардын мөөнөтүн узартканын жарыялаган. Ал эми Орусиянын энергетика жана банк тармактарын бутага алган экономикалык санкциялар июлдун соңунда кайра каралат.

XS
SM
MD
LG