Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:14

Тажик парламенти мыйзамсыз валюта жүгүртүү үчүн жазаны күчөтүүнү колдоду


Бүгүн Тажикстандын парламенти Кылмыш-жаза жана Административдик кодекстерге түзөтүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Ага ылайык, чет өлкөлүк валютаны мыйзамсыз жүгүртүү үчүн 4 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Алымча-кошумча киргизүү демилгесин Улуттук банк көтөрүп, валюта менен мыйзамсыз соода кылгандарды жана алардын кардарларын жоопко тартууну сунуш кылган. Банк өзгөртүүлөр чет өлкөлүк валюта курстарынын көтөрүлүшүн алдын алууга жардамдашат деп эсептейт. Буга чейинки кодексте акчалай айып пул төлөтүү жана эркинен ажыратуу каралган.

Январда президент Эмомали Рахмон көз боёмочулук, кызыл кулактыкка жол бербөө үчүн акча алмаштыруу банктарда жана бөлүмдөрүндө гана жүргүзүлүүгө тийиш деп айткан. Тажикстандын улуттук валютасы - сомони жыл башынан эле 30 процентке арзандап кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG