Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Израилде зомбулук кайрадан күчөдү


Иерусалимде палестиналык эки киши ок ачып, бир кишини жарадар кылганда полиция аларды атып өлтүрдү. Бул тууралуу Израилдин тартип коргоочулары билдиришти. Көп узабай Иордан дарыясынын батыш жээгинде изралдик аскерлер аларга бычак менен кол салууга аракеттенген палестиналыкты атып салышты. Мунун алдында Тел-Авивде америкалык турист палестиналык кишинин колунан каза тапкан. Ал окуя Израилдин мурдагы президенти Шимон Перес жана АКШнын вице-президенти Жо Байден жолугушуп жаткан жерге жакын райондо болгон.

Өткөн октябрдан бери палестиналыктардын кол салууларынан 28 изралдик жана АКШнын эки жараны каза тапты. Израиль коопсуздук күчтөрү бери дегенде 179 палестиналыкты тындым кылышкан. Израиль алардын 121и кол салгандар болчу деп ырастоодо. Калган көпчүлүгү нааразылык акциялар маалында өлтүрүлгөн.

Израилдин улуттук полициясынын өкүлү акыркы күндөрдөгү зомбулуктун өсүшү менен Байдендин визити ортосунда байланыш жок деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG