Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

Дональд Трамп праймеризде дагы жеңишке жетишти


Республикачылардан президенттикке талапкер Дональд Трамп.

Республикачылардан президенттикке талапкер Дональд Трамп.

Республика партиясынын таасирлүү лидерлеринин каршылыгына карабай, Трамп 9-мартта Мичиган, Миссисипи жана Гавай штаттарында ийгиликке жетишип, партиянын бирдиктүү талапкери болуу мүмкүнчүлүгүн бекемдеди.

Консерватор талапкер Тед Круз Айдахо штатында биринчи болду. Калган эки талапкер Марко Рубио жана Жон Каси артта калышты.

Демократиялык партиянын талапкерлеринен Хиллари Клинтон Миссисипи штатында жеңишке жетишип, бирок Мичиганда Берни Сандерстен утулуп калды. Ага карабай Клинтон 22 штаттын ичинен 13дө жеңишке жетишип, демократтардын бирдиктүү талапкери болуу мүмкүнчүлүгүн сактоодо. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG