Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Академик Акматалиевдин китеби жарык көрдү


Академик Абдылдажан Акматалиевдин “Эмбриондон ак булутка карай...” деген китеби жарыкка чыкты. Бул тууралуу Илимдер академиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, аталган китепте “Манас” эпосу, фольклор, акындар чыгармачылыгы жана профессионал адабият, адабий байланыш маселелери камтылган.

Китепте “Манас” эпосу менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын ортосундагы жалпылыктар изилденген. Ошону менен бирге, Сагымбай, Токтогул жана Алыкул Осмонов сыяктуу улуу инсандардын чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу пикирлер орун алган. Аталган китеп “Улуу тоолор” басмаканасынан жарык көрдү. (ZA)

XS
SM
MD
LG