Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Балыкчы: төрт аскер жетекчи иштен алынды


Иллюстрация
Иллюстрация

Балыкчыдагы аскер бөлүктөгү кайгылуу окуя боюнча жети адамга дисциплинардык жаза берилип, анын ичинен төрт аскер кызматкери иштен алынды. Башкы штабдын маалымат катчысы Азамат Дүйшөнбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, тийиштүү буйрукка Башкы штабдын жетекчиси кол койду.

Ушул жылдын 18-февралында Балыкчы шаарындагы 2636-аскер бөлүгүндөгү ок атуу боюнча машыгуу учурунда катардагы жоокер бутунан жараат алганы белгилүү болду. Ошол эле аскер бөлүктөгү кароолдук бөлмөдө куралды этиятсыз колдонуунун жыйынтыгында дагы бир катардагы жоокер Дастан Мурат уулу жараат алган. Ал ошол жараатынан айыга албай 19-февралда Балыкчы шаардык ооруканасында каза болгон.

Аталган окуялар боюнча учурда Балыкчы гарнизонунун аскердик прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, премьер-министр Темир Сариев бул кайгылуу окуялар жогорку офицердик курамдын ишиндеги кемчиликтер экенин белгилеген. (SDz)

XS
SM
MD
LG