10-марттан 12-мартка чейин абанын жогору температурасынын сакталышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя жана Красная-Горка-Ак-Таш, Каракол-Эңилчек авто унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Эртең 11-мартта айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…9, күндүз 13…18 градус жылыйт.
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Баткенде 3…8, күндүз 13…18;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8 градуска чейин жылыйт.
11-мартта Бишкек шаарында жаан жаашы ыктымал деп күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 16…18 градус жылуу болушу күтүлөт. (SDz)