Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Мектепте бомба бар деген маалымат жалган болуп чыкты


Борбордогу №42 мектепте бомба бар деген маалымат жалган болуп чыкканын “Азаттыкка” Бишкек ШИИБнын маалымат катчысы Олжобай Казабаев билдирди.

- Азыркы учурда сапёрлор толугу менен мектепти карап чыгышып, эч кандай бомба тапкан жок. Натыйжада окууну улантууга болорун айтышты. Окуучулар кайрадан мектепке кире баштады, мугалимдер түштөн кийин окууну өз тартибинде улантабыз деп жатышат.

Бүгүн болжол менен саат 11:30да милицияга №42 мектепте бомба бар деген маалымат түшкөндөн улам, мектептин тегереги толугу менен курчоого алынып, окуучулар эвакуацияланган. (SDz)

XS
SM
MD
LG