Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:33

Төрага Жээнбеков: унаалар айыл өкмөттөргө берилбейт


Жогорку Кеңештеги депутаттар баш тарткан унааларды сураган мамлекеттик мекемелер көп болуп жатканын төрага Асылбек Жээнбеков бүгүнкү жыйында билдирди. Анын айтуусунда, бошогон унаалар боюнча учурда атайын комиссия иштеп жатат. Жакынкы убакытта унаалардын так саны аныкталып, бөлүштүрүлө баштайт.

- Арыздар абдан көп түшүп жатат. Балдар үйү, акыйкатчы жана башка жактардан бош унааларды сурап жатышат. Бирок биз айыл өкмөт менен акимчиликтерге бербейбиз. Ал жактарда, тескерисинче, кыскартуулар жүрүп жатканын билебиз. Ошондуктан андан башка муктаж тараптарга беребиз.

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышында көпчүлүк депутаттар кызматтык унааны колдонуудан баш тартышкан. Алар унааларды муктаж болгондорго берүүнү үндөп келишет.

Асылбек Жээнбеков Мамлекеттик мүлк фонду менен атайын комиссия унааларды санап чыккандан кийин гана бөлүштүрүлөрүн кошумчалады. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG