Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Саруулуктар Кумтөр боюнча камалган балдардын бошотулушун талап кылат


"Кумтөр - эл байлыгы” коомдук кыймылынын төрагасы Абай Узаковдун айтымында, 9-мартта Сарууда жыйын өтүп, өздөрүнүн лидерин шайлашкан. Узаков алар бийликке бир нече талап коюп жатышканын билдирди.

- Биз атайын штабдын ишин кайра жандантабыз. Негизги талабыбыз Кумтөр кени элдики кылуу жана Кумтөр үчүн камалып калган балдарыбызды бошотуу. Биз күнүгө штабда чогулуп турмай болдук, эгерде талаптар аткарылбаса, мөөнөтсүз митингге чыгарыбызды жарыялайбыз, – деди Абай Узаков.

Саруу айылынын тургундары талаптар Жогорку Кеңештеги алты фракциянын лидерлерине жана президентке жөнөтүлгөнүн билдиришти.

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын бир канча тургуну 2013-жылы Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы боюнча уюштурулган митингдер учурунда мыйзамсыз аракеттерге барган деп камалган.

XS
SM
MD
LG