Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин көчмө жыйынында акыйкатчы Кубат Оторбаев абактагылардын укуктарынын сакталышы боюнча маалымат берет. Парламенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, көчмө жыйын 15-мартта Кой-Ташта өтөт.
Күн тартибинде күч органдарынын социалдык-укуктук жактан корголушу тууралуу маселе да каралмакчы. Жыйынга депутаттардан тышкары премьер-министр Темир Сариев, ички иштер министри жана УКМК төрагасы, Жогорку Соттун төрайымы жана башкы прорордун да катышуусу күтүлүүдө. (SDz)