Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Облустук театрлар репертуарын жарыялады


Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчылыгы Ош жана Ысык-Көл театрларынын жаз айларындагы репертуарын жарыялады. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры бүгүн Б. Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”, кийинки күндөрү Ч. Айтматовдун “Делбирим”, Ж. Кулмамбетовдун “Жаза” спектаклдерин сахнага алып чыгат.

Апрель айында М. Мамазаированын “Кымгуут түшкөн бир кечте”, Ж. Өзбекованын “Мен сенин жалгызыңмын”, Ч. Калыбекованын “Наристенин чаңырыгы”, Х.Хурсантовдун “Ата, кемпир алып берейинби?” деген спектаклдерин коёт.

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театры 14-марттан баштап К. Гальдонинин “Эки төрөнүн малайы”, Ч. Айтматовдун “Жамиля”, Д. Задорновдун “Күйөөңүздү сатыңыз”, Ж. Осмоновдун “Көрүстөн периштеси” спекталдерин тартуулайт. Апрель айын Ж. Садыковдун “Манастын уулу Семетей” спектакли менен баштап, айдын аягын Бишкекте декадасы менен жыйынтыктайт. (ZA)

XS
SM
MD
LG