Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

Ирактагы күрттөр ИМ тобу ууландыруучу курал колдонгонун билдирди


“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкери

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкери

Ирактагы күрттөрдүн өкүлдөрү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери өлкөнүн түндүк бөлүгүндөгү атышуу учурунда ууландыруучу заттарды колдонгонун билдиришти.

Маалыматка караганда, снаряддар менен аткылоо жүргөн Киркук аймагында 40тай адамдын дем алуу органдары жана терилери жабыркап, ооруканага түшкөн. Курман болгондор жок.

Күрттөрдүн кол башчысы кабарлагандай, шаршембиде бул чөлкөмдө 24 снаряд жана ракета коё берилген. Күн мурун сириялык күрттөр президент Башар Асаддын режимине каршы чыккан башка исламчыл экстремисттерин жана согушкерлерин Алеппо өрөөнүндө химиялык куралдарды пайдаланууда деп айыптаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG