Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Өкмөт үйүндө бир бөлмөдө өрт чыкты


Өкмөт үйүнүн алдында турган өрт өчүрүүчү машина
Өкмөт үйүнүн алдында турган өрт өчүрүүчү машина

10-марттын кечинде Бишкек шаарындагы өкмөт үйүндө бир бөлмөдө өрт чыкты. Бул маалыматты Өрткө каршы күрөш агенттигинин башчысы Нуржан Осмоналиев “Азаттыкка” тастыктады. Алдын ала маалыматтар боюнча жалын электр тогунан тутанган болушу мүмкүн. Осмоналиев өрт өчүргүчтөр келгенге чейин эле өкмөт үйүндө күзөттө турган кызматкерлер аны өчүргөнүн айтты. Андан бөлмөгө чоң деле зыян болгон эмес.

Бир бөлмөдө өрт чыкканын өкмөттөн да ырасташты. Алардын айтканына караганда ага электр тогуна туташып турган компьютер себеп болушу ыктымал.

Эски аянттагы өкмөт үйүндө премьер-министр баштаган жалпы аппарат мүчөлөрү отурат.

XS
SM
MD
LG