Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

АКШнын маалымат каражаттарынын кабарлашынча, Барак Обаманын администрациясы 2013-жылы Нью-Йорктогу суу сактагычка жасалган киберчабуул боюнча Ирандын хаккерлерин ачык айыптоого камданууда. Рейтер жана CNNдин 10-марттагы кабарлоосуна караганда, Юстиция министрлиги хаккерлерге айыптоосун даярдап, аны келерки жумада жарыялайт.

АКШ бийликтери Иран хаккерлери суу сактагычтын көмөкчү чарбаларынын системаларына гана кире алганын, ал эми борбордук операциялык системага жете алган эместигин кабарлайт. АКШнын мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Марк Тонер “биз андай аракеттерди алдын алуу жана четтетүү үчүн колубуздагы бардык мүмкүнчүлуктөрдү пайдаланып, тийиштүү чараларды көрүүнү улантабыз” деп белгиледи.

Барак Обаманын администрациясы сырттан келген киберчабуулдардын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирип, андай чабуулдардын айынан декабрь айында Украинада 250 миңге жакын киши электр жарыксыз калганын эске салды. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG