Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кездеме токуучу фабрикага каражат бөлөт


Кийим тиккен фабрика
Кийим тиккен фабрика

Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фонддун маалымат катчысы Кубан Сагынбеков билдирди.

Трикотаж фабрикасы Токмок шаарына курулат. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду курулушка 7,5 миллион АКШ долларын берүү боюнча келишимге кол койду.

Долбоорго ылайык, фабриканын курулушу менен 123 иш орду түзүлүп, бюджетке түшө турган салык жана социалдык төлөмдөрдүн жылдык көлөмү 20 миллион сомдон ашат деп күтүлүүдө.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн акыркы үч айда 11 текстиль жана тигүүчү ишканаларды каржылады. (SDz)

XS
SM
MD
LG