Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

"Таза оппозиция" деп аталган кыймыл курултай өткөрөрүн билдирди


"Таза оппозиция" делген кыймылдын төрагасы Назарбек Нышановдун айтымында, курултай 30-мартта борбордогу Максим Горький багында өтөт. Анын уюштуруучулары курултайда азыркы оппозициялык кыймылдарга каршы экенин билдиришмекчи.

- Азыр мурдагы коррупционерлер кайрадан эле оппозицияга биригип алып, бийликке каршы болуп жатышат. Эгерде алар кайра бийликке келе турган болсо, азыркыдан да жаман болот. Булардын бардыгы бийликтен четтеп калганга ичи күйүп, оппозициябыз деп жатышат, - деди Назарбек Нышанов​.

"Таза оппозициялык" кыймыл өкүлдөрү курултайда эл ишенимине кирген өкмөт жана элдик көзөмөл комитетин түзүү сунушу менен чыгышарын айтууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG