Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Бишкектин №1 тергөө абагында камалып турган кыз жардам сурап омбудсмен Кубат Оторбаевге кайрылды. Ал "уурулук кылды" деген жалган жалаа менен кармалып турганын жазган. Кыздын сөзүнө караганда, ал жыл башынан бери бир канча жолу сексуалдык кулчулукка кабылган жана андан араң качып кутулган. Кийин милиция "уурулук" боюнча кармаган.

Учурда тергөө абагында жатканын кызга 5 миң сомдук бут кийимди уурдады деген айып тагылууда. Бул факты боюнча омбудсмен аппаратынын кызматкерлери Ички иштер министри Мелис Турганбаевге кат жолдоп, ишти тыкыр иликтөөнү суранышты.

Ошондой эле акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тергөө абагындагы кыздын өзү менен жолугуп, жактоочу жалдап берүүгө убада берген.

Бул иш боюнча Бишкектин Биринчи май райондук милиция бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG