Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:20

Жамбылдан ун ташыган соодагерлер бажы бекетинен бир кап ундун баасын 50 сомдон 150 сомго чейин деп көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу Манас районунун салык кызматынын жетекчиси Гүлнара Казаболотова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Тараздан ун сатып алган соодагерлер ушундай төмөн бааны жаздырып алышууда. А чындыгында ундун баасы андан алда канча кымбат.

- Алар бааны төмөндөтүп жаздырып алгандыктан, биздин бюджетибизге доо кетип атат. Мисалы, 800 сомго алынган ун болсо, андан 12% бажы салыгы төлөнүшү керек эле. Бирок биздикилер жалган бааны көрсөтүп, аз эле салык төлөп калып жатышат.

Гүлнара Казаболотова ЕАЭБге Кыргызстан киргенге чейин Таластын бюджетине бажы төлөмүнөн 40 млн. сом түшүп турса, учурда бул сумма 20 млн сомго араң жетип жатканын айтты.

Тараздан чыккан ун, кумшекер, курулуш материалдары Талас аркылуу түштүк аймактарга да ташылууда. (SS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG