Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

"Бир дүйнө Кыргызстан" фестивалынын тасмалары аймактарда көрсөтүлөт


"Кыял" тасмасы Ысык-Көл облусундагы мектеп окуучусу - Нургазы аттуу бала жөнүндө тартылган.
"Кыял" тасмасы Ысык-Көл облусундагы мектеп окуучусу - Нургазы аттуу бала жөнүндө тартылган.

Бүгүн Жалал-Абад шаарында өткөн адам укуктарына арналган даректүү тасмаларды көрсөтүү иш-чарасында ушундай чечим кабыл алынды. "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы тарабынан уюштурулган кечеде 5 тасма көрсөтүлүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоочулар менен катар жаштар катышты.

Анда “Азаттыктын” кабарчысы Улан Эгизбаев тарткан майып баланын билим алуу түйшүгүн чагылдырган "Кыял" тасмасын шаардык мэрия жана ички иштер башкармалыгы мектептерге көрсөтүү демилгесин өзүнө алса, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү башка тасмаларды бардык региондорго көрсөтүү зарылдыгын белгилешти.

Адам укуктарына арналган даректүү тасмалардын 9-эл аралык фестивалы өткөн жылдын декабрь айында Бишкек шаарында өтүп, ага 22 тасма катышкан. Андагы негизги тасмалар учурда өлкөнүн бардык аймактарында көрсөтүлүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG